Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Сооронкулова: Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана добуш берүүгө келгени - кооптуу көрсөткүч


Клара Сооронкулова, президенттикке талапкер.
Клара Сооронкулова, президенттикке талапкер.

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдум тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгын таануу же четке кагуу маселесине келгенде эки тараптуу караш керек.

«Укуктук жактан алганда шайлоонун жыйынтыгы таанылбашы керек. Анткени шайлоодо жеңип чыккан талапкер Садыр Жапаров өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, катталып жатканда да бир топ мыйзам бузуу болду. Болгондо да Конституция бузулду. Моралдык жагынан алганда, шайлоого катышкан жарандардын тандоосуна карай турган болсок, анда бул жерде демократиянын негизги принциби - азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Аны тааныш керек. Эки жагы бар деп айтсам болот».

Клара Сооронкулова бул шайлоого шайлоочулардын аз бөлүгү катышканы кооптондурат деген ойдо.

«Башка президенттик шайлоолорго салыштырмалуу бул ирет өтө эле аз адам катышты. Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана. Бул дагы бир чоң кооптоно турган көрсөткүч. Демек, 3,5 миллион шайлоочунун үчтөн экиси шайлоого ишенбейт жана катышкысы келбейт. Өнүккөн демократиялык мамлекеттерде шайлоочулардын 50% катышпаса, шайлоо жараксыз деп табылат. Бирок, бизде андай талап жок. Ошол себептүү канча шайлоочу келбесин, шайлоонун жыйынтыгы чыга берет. Бирок биз бара-бара ушуга келишибиз керек. Кандай болгондо да мамлекет башчысы боло турган адамды шайлоочулардын 50% көбү шайлаш керек. Ошондо толук легитимдүүлүк тууралуу сөз кылсак болот», - деди Клара Сооронкулова.

БШКнын акыркы маалыматына караганда, кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 38,70% катышты. Бул эсеп саат 21:50гө карата чыгарылган.

Добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

Автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелди:

Садыр Жапаров - 79,24%;

Адахан Мадумаров - 6,71%;

Бабыржан Төлбаев - 2,35%;

Мыктыбек Арстанбек - 1.67%;

Абдил Сегизбаев - 1.46%;

Имамидин Ташов - 1.19%;

Клара Сооронкулова - 0.99%;

Аймен Касенов - 0.91%;

Улукбек Кочкоров - 0.68%;

Канатбек Исаев - 0.58%;

Бактыбек Калмаматов - 0.50%;

Курсан Асанов - 0.50%;

Элдар Абакиров - 0.50%;

Равшан Жээнбеков - 0.19%;

Каныбек Иманалиев - 0.18%;

Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;

Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;

Баарына каршы - 1,34%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгы төмөнкүчө:

- Президенттик башкарууну колдогондор - 81,27% ;

- Парламенттик башкарууну жактагандар 10,82%;

- Экөөнө тең каршылар - 4,42%.

Бул сандар улам жаңыланууда. Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, электрондук үкөктөгү добуштардын 96% көбү саналды. Кошумча кол менен санай турган бюллетендер да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG