Жаңы президент шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийинки бир ай аралыгында ишке кирет

10-январь, 2021-жыл.

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдирди. Төрайымдын айтымында, «расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарылат».

Ошол эле учурда бул жолку президенттик шайлоо кезексиз өткөнүнө байланыштуу добуштарды эсептөөнүн мөөнөтү да кыскарат.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. БШК добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 39% ашууну катышканын маалымдады. БШКнын билдирүүсүндө, 23:00гө карата добушканалардын 98% автоматтык эсептөө үкөктөрдүн маалыматтары келип түштү.

Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоодо добуштардын 79,16% Садыр Жапаров алып, алдыга чыкты. Экинчи орунда 6, 69% добуш алып Адахан Мадумаров келатат.

Кыргызстандын президенттигине 17 талапкер ат салышкан. (ZKo)

Дагы караңыз

Казакстандын бийликтеги партиясы Мажилисте үстөмдүгүн сактап калмакчы, ал эми демонстранттар убактылуу кармалдыСадыр Жапаров: Мамлекетти досторго, шопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм (видео)Курсан Асанов: Шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору 19-январга чейин камакка алындыМадумаров референдумдун жыйынтыгын «жомок» деп атады (видео)Данияр Аманалиев: Карыздар көбөйдү, сырттан акча тартуу кыйын (видео)Мадумаров: Президенттик шайлоо реалдуулуктан өтө алыс өттү (видео)Садыр Жапаров: Сөз эркиндигин сөзсүз түрдө коргоймСадыр Жапаров: Мурдагы бийликтердин каталары кайталанбайт (видео)Сооронкулова: Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана добуш берүүгө келгени - кооптуу көрсөткүч