«Манас»: Бишкек-Ош каттамындагы учак техникалык себептерден улам кайтып келген

«Ош» аэропортундагы учак. Архивдик сүрөт.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Алия Курбанова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, «Тез Жет» компаниясынын учагы бүгүн, 6-январда саат 15:20да Бишкектен Ошко учкан.

«Бирок учак Ошко жетпей, саат 16:42де кайра «Манас» аэропортуна келип конду. Бизге берилген түшүндүрмөгө караганда учак техникалык себептерден улам кайтып келген. Ага байланыштуу компания жүргүнчүлөрүн башка учакка отургузуп, саат 16:51де учуп кетти», - деди ал.

Азырынча «Тез Жет» компаниясынын кеңсеси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бүгүн, 6-январда Бишкек-Ош каттамындагы учак Ош аэропортундагы тумандан улам коно албай кайтып келгени тууралуу кабар Интернетте тараган. Бирок Ош аэропортунда учакты күтүп отургандар аймакта туман жок, күн ачык экенин билдиришкен. (ZKo)

Дагы караңыз

Кытай ДССУнун эксперттерин киргизген жокКыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумга 400гө жакын эл аралык байкоочу катталдыДарыгери коронавирустан каза болгон айылга «Азаттыктын» баянынан кийин «Тез жардам» машинеси берилдиБШК: Шайлоочулардын көбү Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана Бишкекте катталганЭлТР каналы «Азаттыктын» телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди бир тараптуу токтотту Гонконгдо 50дөй демократиячыл активист кармалдыАрмениянын президентинен коронавирус табылдыАКШ: Жоржия штатындагы шайлоонун жыйынтыгы чыгарылууда