Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Дарыгери коронавирустан каза болгон айылга «Азаттыктын» баянынан кийин «Тез жардам» машинеси берилди


«Тез жардам» автоунаасы. Новопокровка айылы.
«Тез жардам» автоунаасы. Новопокровка айылы.

Чүйдө коронавирус күчөп турган маалда айылдын элин жалгыз тейлеп, кийин өзү каза болгон фельдшер Валерий Гаук тууралуу «Азаттык» радиосу даярдаган видеобаяндан кийин бул айылга жаңы «Тез жардам» автоунаасы берилди. Машинаны Саламаттык сактоо министрлиги бөлүп бергенин маркумдун жесири, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы фелдшердик-акушердик пункттун дарыгери Александра Гаук билдирди:

«Сиздер тарткан сюжеттен кийин биз жаңы реанимобилге ээ болдук. Ишиңиздерге ийгилик!»

Валерий Гаук.
Валерий Гаук.

Новопокровканын «Тез жардам» кызматынын 37 жаштагы фелдшери Валерий Гаук былтыр 4-июлда коронавирустан каза болгон. Анын жесири Александра Гаук 20 күндөн кийин эле күйөөсүнүн ордуна иштей баштаган. Валерий «Тез жардамда» 12 жылдан ашуун иштеген. Анын эки кичине баласы жетим калды, өзү бир үйдүн жалгыз уулу эле.

Айылдагы эски «Тез жардам» автоунаасы жана анда иштеген медиктер тууралуу «Азаттык» радиосу былтыр июль айында баяндаган. Валерий Гаук июндун аягында ооруну жугузуп алып, «Манас» аэропортунун жанындагы «Семетей» (мурдагы «Ганси» авиабазасы) обсерваторуна кайрылган. Обсерватордо шарт жоктугунан улам ал өз каалоосу менен ооруканадан чыгып, үйүндө, ата-энесинин көз алдында жан берген. (BCh)

XS
SM
MD
LG