Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек Жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин көмүрү туура келбегенин, ЖЭБдин курулушун кылгандар жоопко тартыларын билдирди.
Жапыкеев бул тууралуу “Фесбуктагы” баракчасына жазды.
Ал Бишкекти каптаган түтүнгө салым кошуп жаткан ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты начар деп эсептейт.
Бишкек Жылуулук электр борборуна жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат.
2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз, айрым бөлүгү электр жарыгысыз калган.
Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер баш болгон жогорку кызмат адамдары соттолгон.
Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн тонна көмүр керектейт. Анын көбү Жумгалдагы Кара-Кече кенинен казылат. Өлкөдөгү айрым жабылган көмүр кендеринде өз бетинче казуу иштерин жүргүзүп, технологиялык коопсуздук шарттарын сактабоонун айынан кырсыкка учурагандар да бар.
Дагы караңыз Кыргызстанда курулбай калган АЭСтерКыргызстандык экологдор өлкө бийлигин экологиялык жактан таза кубат булактарын колдонууну көбөйтүүгө чакырып, суу кубатына кошумча күн, өзөктүк жана жел кубатын пайдалана баштоонун зарылдыгын белгилешет. (TSh)
Дагы караңыз
“Мыйзамдуулук үчүн” деп аталган жүрүш өттүБишкекте “Мыйзамдуулук үчүн” деп аталган кезектеги жүрүш болду (видео) Сурабалдиева бачабаздардын аты-жөнү жазылган маалымат базасын түзүүнү сунуштады Жумушчу топ БШКга Садыр Жапаровго эскертүү берүүнү сунуштадыОшто дүлөйлөр үчүн диний баяндар өткөрүлүүдө