Ал кармалган учурда кызуу кандуулукка алдырып, мурдагы министрге каршы көрсөтмө бергенин айтып, аны айыптаган түшүнүк катын артка кайтарып алганын билдирген.
Анын адвокаты Осмонбек Артыкбаев да Калиевге каршы көрсөтмөлөрүнөн баш тартканын билдирди. Юристтер тараптардын тергөөдө берген көрсөтмөсүнөн баш тартууга укугу бар экенин, бирок сот анын себептерин иликтеп чыгып ошого жараша жагдайга баа бериши шарт экенин белгилешти.
Калиев көрсөтмөсүн өзгөрткөнү жарыяланды
Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча Свердлов райондук сотунда 6-ноябрда улантылган сот жараянында энергетика министринин мурдагы орун басары, Улуттук энергохолдиг компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев суроолорго жооп берип жатып, тергөө мезгилинде мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге каршы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартты.
Мурдагы министр Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты Замирбек Базарбеков сот чечим кабыл алууда бул жагдайга баа бериши абзел экенин билдирди:
- Айбек Калиев бул жолку сотто тергөөнүн жүрүшүндө мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге каршы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартканын расмий түрдө билдирди. Ал кармалган соң, кызуу кандуулукка алдырган абалда тергөөгө сурак бергенин, ошондуктан Артыкбаевге каршы тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнөн 2018-жылдын 15-октябрында, тергөө убагында эле баш тартканын айтып берди. Ал сотто мурдагы министр Осмонбек Артыкбаев өзүнүн кызматтык милдеттерин так жана мыйзам чегинде аткарганын баса белгиледи. Айбек Калиев мурда тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнөн өзү кайра баш тартып, анын бул иште кандайдыр бир айыбы бар экенин четке кагууда. Артыкбаевге каршы берилген көрсөтмө четке кагылгандыктан, сот жагдайга баа бериши керек.
Адвокат Замирбек Базарбековдун айтымында, анын жактоосундагы мурдагы министрге тагылган айыптоо негизинен Айбек Калиевдин ага каршы берген көрсөтмөсүнөн турган. Мына ошонун негизинде Осмонбек Артыкбаев 2018-жылы 5-июнда камактагы Айбек Калиев менен беттешкенден кийин камакка алынган.
Тараптар эмнени келишти?
Адвокат Бактыбек Жумашев анын коргоосундагы Айбек Калиев Артыкбаевге каршы тергөөдөгү көрсөтмөсүнөн баш тартканын ырастап, мурдагы министрден да жооп болгонун айтты:
- Айбек Калиев мына ошол мезгилде чынында эле эмоция менен көрсөтмө берген. Анан калса ал учурда тергөө органдары бул иште чынында эле коррупция болгонбу же болгон эмеспи деген негизде ким күнөөлүү экенин издеп жатышты да. Тергөө бүткөндөн кийин бул иште эч кандай коррупция тургай, анын эч кандай элементтери дагы жок экенин көрүп, ынанып жатпайбызбы. Акча же болбосо кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды кайсы бир тарап берип, экинчи тарабы аны алганы тергөөдө аныкталган жок. Ошондуктан Артыкбаев өзү деле андан мурунку сотто ал дагы кызуу кандуулукка алдырып, Айбек Калиевдин үстүнөн каршы көрсөтмө бергенин айтпадыбы.
Юристтер сотто тараптар позицияларын жакындаштырып, соттук териштирүү учурунда биргеликте коргонуу үчүн мурда тергөөдө бири-бирине каршы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартууга укугу бар экенин белгилешти.
Баштапкы көрсөтмөлөрдүн өзгөрүшүнө эмне себеп?
Юрист Клара Сооронкулова бирок сот анын себептерин аныктап туруп, анан гана ага баа бериши абзел экенин белгиледи.
Клара Сооронкулова кимдир бирөөгө каршы жалган көрсөтмө берүүнүн кесепеттери менен жоопкерчилиги соттук териштирүүдө кошо аныкталууга тийиш экенин айтты:
- Бул жерде сөзсүз түрдө жоопкерчилик маселеси бар. Анткени бирөөгө каршы жалган көрсөтмө берүү да өзүнчө берене. Кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалымат берүү деген да берене бар. Себеби, жалган көрсөтмөнүн айынан киши жабыркады да. Кармалды, камалды, жоопкерчиликке тартылып жатат. Мунун баары саламаттыгына зыянын тийгизип, ал киши ооруп да калды. Ошондуктан Айбек Калиевдин көрсөтмөсү жалган, анан чындап эле ушул кишиге зыян келтирейин деген ниетте болсо, анда Калиев жооп бериши керек. Бул эми Артыкбаевдин өзүнүн каалоосуна байланыштуу. Эгерде ал талап кылса, анда бул маселе соттук териштирүү учурунда каралууга тийиш. Анан сот дагы Калиев же Артыкбаев тергөөдө берген көрсөтмөсүн өзгөрткөнүн жөн эле кабыл ала бербей, анын себептерин аныкташы шарт. Эмне себептен көрсөтмөлөрдөн баш тартып жатат деген суроо коюлушу кажет. Анткени буга сот көз жуумп койсо, тараптар тергөөдө каалаганын айтып, сотто анысын кайра өзгөртүп, көрсөтмө бере берет. Мыйзамда ошондуктан адам сотто же тергөөдө жалган көрсөтмө берсе, жоопкерчилик тартары алдын ала эскертилет.
Негизги маселеде пикирлер эки ача
Ошол эле кезде мурдагы энергетика министринин адвокаты Замирбек Базарбеков Осмонбек Артыкбаев ал кызматка келгенге чейин эле маселе чечилип, Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча тапшырма президенттик аппараттан берилгени боюнча тергөөгө берген көрсөтмөсүнөн кайтпай турганын билдирди.
Адвокат Замирбек Базарбеков ТВЕА компаниясын тандаган президенттик аппараттын көргөзмөсүн колдогон чечим Айбек Калиевдин жетекчилиги астында өткөн жыйында кабыл алынганын кайталады:
- Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сотто Бишкек ЖЭБ долбоорунун баасы, келишимдин формасы, аны аткаруучу катары ТВЕА компаниясы тандалганы президенттик аппарата чечилгенин айтып жатат. Ошондой эле президенттик аппараттан "Электр станциялары" ишканасы менен тиешелүү министрликтерге тапшырма берилгени мурдагы президентке жолдонгон кызматтык катта көрсөтүлүп турат. 2013-жылы 28-майда энергетика министрлигинде министрдин мурдагы орун басары Айбек Калиевдин жетекчилиги астында президенттик аппараттын ага чейинки кызматтык катынын негизинде жыйналыш өтүп, анда жыйындын катышуучулары президенттин тапшырмасына толук макулдук беришкен.
Адвокат Бактыбек Жумашев Айбек Калиев кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп, мыйзамсыз буйрук аткарганы сотто аныкталган жок деп эсептейт:
- Бул жерде маселе жөн эле мунасага келүүдө эмес. Бул иш боюнча кандай беренелердин негизинде айыптар тагылганын билесиздер да. Бул жерде коррупция боюнча шек болуп жатпайбы. Бирок тергөө бүткөндөн кийин бул жерде эч кандай коррупция жок экенин көрбөдүкпү. Сотто Калиев бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп, башка бирөөлөрдү анын пайдасына үгүттөгөнү жана мыйзамсыз чечим кабыл алууга бирөөнү түрткөнү далилденген жок. Себеби, андай көрүнүштөр бул иште табиятынан болгон эмес.
2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон энергетика тармагын жетектеген мурдагы бир катар жогорку кызмат адамы сот жообуна тартылууда.
"Азаттыктын" архиви: Жемкорлук бетин ачкан ЖЭБ. 31-январь, 2019-жыл