Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

УКМК Жылуулук электр борборунда көмүргө байланыштуу жемкорлук аныкталганын билдирди


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

17-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, “Кыргызкөмүр” тарабынан көмүр жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан жемкорлук схемасы колдонулган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, көмүрдүн сапаты жакшы экенин тастыктаган лабораториялык чечим акчага жасалган.

“Ушул сыяктуу коррупциялык иштер ЖЭБдин жабдууларына бузулушуна себеп болуп, булганыч заттардын абага тарашына себеп болууда”,- деп айтылат маалымат.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

ЖЭБди 2016-жылы реконструкциядан өткөрүүдө да чоң коррупция аныкталып, мурдагы өкмөт башчылар баштаган жоон топ чиновниктер камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG