Бизнес-акыйкатчы: Ишкерлерди текшерүү үч эсе көбөйдү

Кыргызстандагы кен иштеткен компаниялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү үч эсе көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизилгенине карабай, акыркы убактарда негизсиз текшерүү күч алды.

«Мындай текшерүүлөр көбүнчө эч негизсиз болуп жатат, - деди ал. - Салык кызматы текшерет. Өкмөт Салык жана Жазык кодекстериндеги карама-каршылыктарды жөнгө салганча, ишканаларды күч түзүмдөрү тарабынан текшерүүнүн өзүнчө бир эрежесин түзүүнү сунуш кылат элек».

Нурлан Мүсүралиевдин айтымында бүгүнкү күнү бизнес-акыйкатчыга текшерүүлөрдүн үстүнөн даттанып 62 ишкер кайрылган. Алардын 67% Бишкектен. Ишкерлердин көпчүлүгү Мамлекеттик салык кызматына, жергиликтүү бийликке, Мамлекеттик мүлк фондуна жана башка мамлекеттик ишканаларга каршы даттанышкан.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда март айында ишкерликтин көптөгөн түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Өкмөт аларга колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилип жатканын билдирүүдө. Ишкерлер өкмөт салыктан жана ижара акысынан бошотуу, жумушсуз калгандарга жөлөкпул төлөп берүү сыяктуу сунуштарын жана өтүнүчтөрүн кабыл албай, жардам жеңилдетилген насыя менен гана чектелгенин айтып келишкен. (ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: Аскер жана күч кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча маалымат берилди«Азаттык»: Уурулар коркутуп, коомчулук колдоп турдуМилиция 16 жаштагы кызга нике кыйылганы тууралуу маалыматты текшердиCOVID-19: Төрт киши көз жумдуCOVID-19: Министрлик оорудан коргонуу чараларын сактоо зарыл экенин эскерттиНоокатта айыл тургуну ооруканага «Тез жардам» автоунаасын сатып бердиЖогорку Кеңеште экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору каралатКыргызстан Сауд Арабиясынан мектеп жана оорукана курууга каржылык жардам сурады