Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Кыргызстан Сауд Арабиясынан мектеп жана оорукана курууга каржылык жардам сурады


КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сауд Арабиясынын элчиси Абдурахман бин Саид Ал-Жуманы кабыл алды.
КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сауд Арабиясынын элчиси Абдурахман бин Саид Ал-Жуманы кабыл алды.

Кыргызстан Сауд Арабиясынан мектеп жана оорукана куруш үчүн жардам күтөт. Бул тууралуу 22-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөнүн башкы дипломаты Руслан Казакбаев Сауд Арабиясынын элчиси Абдурахман бин Саид Ал-Жуманы кабыл алды. Жолугушууда саясий жана дипломатиялык кызматташтык маселелери талкууланып, эки өлкөнүн ортосунда саясий мүнөздөгү пикир келишпестик же карама-каршылык жок экени белгиленди.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан келерки жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келери айтылды.

Ири инвестициялык долбоорлорду чогуу ишке ашыруу, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланышты бекемдөө тууралуу сөз болуп, министр Казакбаев Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашып жатканына ыраазылыгын билдирди.

Ошону менен катар кыргыз тарап жалпы билим берүү мектептерин жана кеңири багыттагы ооруканаларды курууга каржылык жардам маанилүү болуп жатканын белгилеп, мындай объектилерди бийик тоолуу аймактарда куруу айрыкча зарыл экенин кошумчалады.

Жолугушууда буга чейин кабыл алынган макулдашууларды толук ишке ашыруу жана ортодогу укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык кызматташтык 1992-жылдын 19-октябрында башталган.

Кыргызстан бул өлкөгө экологиялык таза азык-түлүк экспорттойт. Сауд Арабиясынын айрым фонддору Кыргызстанда кайрымдуулук ишин жүргүзүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG