Токтогул суу сактагычында 12,7 млрд. куб метр суу бар

Токтогул суу сактагычы.

«Электр станциялары» ишканасынын 22-декабрга карата берген маалыматы боюнча, өлкөнүн башкы суу чөйчөгүндө 12 млрд. 729 млн. куб метр суу бар. Суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 148 куб метрди түзсө, секундасына 708 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр ушул күнү суу сактагычта 15,3 млрд. куб метр суу болгон.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров 16-декабрда парламентте Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы чекке жеткенин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбаса, электр жарыгы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу бар экенин эскерткен.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. 2007-2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. (ZKo)

Дагы караңыз

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкты Үгүт ишиндеги ажырым суроо жаратты Чүйдө 74 жаштагы аял өрттөн каза болдуОш шаарынын биринчи вице-мэрлигине мурунку салыкчы Жылдызбек Турганбаев дайындалды Пашинян Армениянын чек ара аймагына сапарын кыскартып, Ереванга чукулунан кайтты«Азаттык»: Уурулар коркутуп, коомчулук колдоп турдуИшкерлерге үмүт берген кышкы туризмУлуу Британия менен Евробиримдик сүйлөшүүлөрдө мунаса табыша элек«Ну, погоди!» мультфильминин жаратуучулардын бири Курляндский каза болдуПутин Навальныйды ууландырууга орус коопсуздук кызматынын катышы тууралуу дооматты четке кактыНавальный өзүн ууландырды деген ФККнын кызматкери менен сүйлөшкөнүн жарыяладыТИМ: Түркия саламаттык сактоо тармагындагы долбоорду ишке ашырууга даярАртем Новиков Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен баратЫсык-Көлдө 16 жаштагы кызга нике кыйылганы тууралуу маалымат тарады