Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Артем Новиков Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барат


Артем Новиков Баткен облусунда. 7-декабрь, 2020-жыл.
Артем Новиков Баткен облусунда. 7-декабрь, 2020-жыл.

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна бир күндүк жумуш сапары менен 22-декабрда барат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Новиков аймактагы инфратүзүмдүк жана социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен таанышат.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу буга чейин Ош, Баткен жана Нарын облустарын кыдырып келген.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары жапырт башаламандыкка айланган. Бул окуялардан улам ошол кезде мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда ишин өткөрүп берүүгө аргасыз болгон.

Башаламандык учурунда тарапкерлери түрмөдөн чыгарып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп дайындалып, кийинчерээк президенттин милдетин да аткара баштаган.

14-ноябрда Жапаров шайлоого катышуу максатында президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырган жана премьер-министрликти убактылуу токтоткон.

Көптөгөн талаш-тартыштан кийин Талант Мамытов спикер болуп дайындалып, учурда президенттин милдетин аткарууда. Премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG