Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна «Фейсбук» баракчаларында 10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкер Садыр Жапаровду Мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары коштоп жүрөт деген сүрөттөр тууралуу маалымат түшүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков маалымдады.
«Бизге азырынча бул маселе боюнча расмий арыз келип түшө элек. Бирок мындай маалыматтарды көрүп, талкуулап жатабыз. Эгер расмий арыз келип түшсө, ошонун негизинде бул сүрөттөрдү карай баштайбыз», - деди Изреков.
Социалдык медиада тараган сүрөттөрдө «Садыр президент» деген жазуусу бар чыптама кийип тургандар Мамлекеттик күзөт кызматынын 9-башкармалыгынын кызматкерлери катары сыпатталган. Шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу административдик ресурсту колдонуу катары бааланып, тыюу салынган.
Президенттик шайлоого карата үгүт иштери 15-декабрда башталды. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыгууга акылуу.
Президенттик шайлоого 18 талапкер катталган. Алардын ичинен Кой-Таш иши боюнча үй камагында отурган талапкер Равшан Жээнбековго аймактарды эркин кыдырууга сот уруксат берген жок. (BCh)
Дагы караңыз
Укук коргоочу Токтонасыров Башкы прокуратуранын алдына пикетке чыкты Мадумаров Ысык-Көлдө өтчү үгүт иштери үзгүлтүккө учураганын билдирдиАйыз жөнүндө ачык кепӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКоронавирустан дагы төрт адам көз жумду, 264 кишиден илдет жаңы аныкталды