Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Коронавирустан дагы төрт адам көз жумду, 264 кишиден илдет жаңы аныкталды


Вирустан коргоочу атайын кийимчен медкызматкерлер. Сүрөт Кыргызстанда тартылган эмес. Иллюстративдик сүрөт катары колдонулду.
Вирустан коргоочу атайын кийимчен медкызматкерлер. Сүрөт Кыргызстанда тартылган эмес. Иллюстративдик сүрөт катары колдонулду.

Кыргызстанда 17-декабрга карата дагы 264 адамдан коронавирус илдети табылып, төрт киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 386 адам айыкты.

Жаңы аныкталган учурлар:

  • Бишкек шаарында - 86;
  • Чүй облусунда - 60;
  • Ысык-Көл облусунда – 44;
  • Ош облусунда - 25;
  • Жалал-Абад облусунда – 20;
  • Нарын облусунда - 13;
  • Баткен облусунда - 11;
  • Талас облусунда – 3;
  • Ош шаарында – 2.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий маалыматына ылайык, андан бери коронавирус 78 415 кишиге жукту, алардын 1321и каза болуп, 71 656 бейтап айыкты.

Стационарда – 1815 бейтап дарыланууда. Алардын 92си өтө оор, 496сы оор, 1236сы орто абалда жатышат. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.

15-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү ооруканаларда бейтаптарды кабыл алууга орундар жетиштүү жана медициналык жабдуулар бар экенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG