Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Мадумаров Ысык-Көлдө өтчү үгүт иштери үзгүлтүккө учураганын билдирди


Адахан Мадумаров, президенттикке талапкер.
Адахан Мадумаров, президенттикке талапкер.

Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров өзүнүн үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштоо планы үзгүлтүккө учураганын Коомдук теле-радио компаниясындагы түз эфирде билдирди:

"Мен эл менен биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Бирок, тилекке каршы, мына ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага "бизде жаш азаматтар пайда болду, эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз" деп айтышты дешти мага", - деди КТРКнын түз эфиринде.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштерин 15-декабрда башталган. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт.

Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыгууга акылуу.

16-декабрда президенттикке дагы бир талапкер, "Кой -Таш иши" боюнча үй камагындагы Равшан Жээнбековдун аймактарды кыдырышына сот уруксат берген эмес.

Президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда.(BCh)

XS
SM
MD
LG