Мадумаров Ысык-Көлдө өтчү үгүт иштери үзгүлтүккө учураганын билдирди

Адахан Мадумаров, президенттикке талапкер.

Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров өзүнүн үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштоо планы үзгүлтүккө учураганын Коомдук теле-радио компаниясындагы түз эфирде билдирди:

"Мен эл менен биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Бирок, тилекке каршы, мына ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага "бизде жаш азаматтар пайда болду, эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз" деп айтышты дешти мага", - деди КТРКнын түз эфиринде.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштерин 15-декабрда башталган. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт.

Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыгууга акылуу.

16-декабрда президенттикке дагы бир талапкер, "Кой -Таш иши" боюнча үй камагындагы Равшан Жээнбековдун аймактарды кыдырышына сот уруксат берген эмес.

Президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда.(BCh)

Дагы караңыз

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКоронавирустан дагы төрт адам көз жумду, 264 кишиден илдет жаңы аныкталды«Жаңы бийлик журналисттерди коргошу керек»Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев кармалдыБишкекте айыл чарба товарлары арзан сатылган жармаңке өтүүдө