Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:18

Бишкекте айыл чарба товарлары арзан сатылган жармаңке өтүүдө


Касапкана
Касапкана

Бишкекте айыл чарба азыктары арзандатылган баада сатылган жармаңке өтүп жатат.

Бүгүн, 17-декабрда шаардагы "Технопарк" соода борбору менен 7-кичирайондогу "Глобус" гипермаркетинин жанында калаа тургундары дыйкандардан өз баасында азык-түлүк сатып ала алышат.

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министрлиги маалымдады. Жармаңкеде эт 390, тоок 135, жумуртка 85, кум шекер 46 сомдон сатылууда.

Кыргызстанда акыркы мезгилде тамак-аштын баасы кескин жогорулап кеткен. Айрыкча эттин наркы көтөрүлүп, аталган министрлик тирүү малды экспорттоого тыюу салган. Азык-түлүктүн кымбаттоосун адистер валюта курсунун өсүшүнө байланыштырышкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG