Бишкекте айыл чарба товарлары арзан сатылган жармаңке өтүүдө

Касапкана

Бишкекте айыл чарба азыктары арзандатылган баада сатылган жармаңке өтүп жатат.

Бүгүн, 17-декабрда шаардагы "Технопарк" соода борбору менен 7-кичирайондогу "Глобус" гипермаркетинин жанында калаа тургундары дыйкандардан өз баасында азык-түлүк сатып ала алышат.

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министрлиги маалымдады. Жармаңкеде эт 390, тоок 135, жумуртка 85, кум шекер 46 сомдон сатылууда.

Кыргызстанда акыркы мезгилде тамак-аштын баасы кескин жогорулап кеткен. Айрыкча эттин наркы көтөрүлүп, аталган министрлик тирүү малды экспорттоого тыюу салган. Азык-түлүктүн кымбаттоосун адистер валюта курсунун өсүшүнө байланыштырышкан. (BCh)

Дагы караңыз

Кыргызстанга мигранттар тогуз айда 2 млрд. долларга жакын которуштуСоода - Өнөр жай палатасынын президенттигине жети талапкер катталдыТашкентте көмүскө иштеген үч диний мектеп жабылдыОрусияда маяна берилбегенине нааразы болгон тажик мигранттары курулуш объектисин талкалап кеттиЖурналисттер Путинден Навальныйдын ууланышы жана АКШга киберчабуул боюнча комментарий күтүп жатышат