Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Соода - Өнөр жай палатасынын президенттигине жети талапкер катталды


Соода - Өнөр жай палатасынын президиумунун кеңеши. Иллюстрациялык сүрөт.
Соода - Өнөр жай палатасынын президиумунун кеңеши. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Соода - Өнөр жай палатасынын президентин шайлоо 18-декабрь күнү, палатанын курултайында болот. Курултайга делегаттар ар бир аймактардан шайланып келет. Ишкана жетекчилигине жети талапкер катталды.

Алар:

-Кайрат Итибаев, "Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын" өкүлү, Соода - Өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;

-Бакыт Дегенбаев, Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;

-Кубатбек Рахимов, Өкмөт башчынын кеңешчиси, Соода - Өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;

-Марат Шаршекеев, Соода - Өнөр жай палатасынын азыркы президенти;

-Уран Ниязалиев, "Дан Агро Азык" ишканасынын башкы директору;

-Бахтияр Мухамедзиев, "Аю Холдинг" ишканасынын вице-президенти;

-Роман Касымов "Ишкерликти өндүрүү фондунун" төрагасы.

18-декабрда Соода-Өнөр жай палатасынын 10-курултайы болот. Ага жүздөн ашуун делегаттар катышат. Курултайда ишкананын президентин шайлоодон тышкары акыркы беш жылдагы аткарган иштери, палатанын каржылык ишмердиги тууралуу делегаттарга отчет берилет. Палатанын президентин, кеңешин жана ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо болот.

Кыргызстандын Соода - Өнөр жай палатасы 1954-жылы негизделген. Учурда палатага 1200гө чукул ишкана-компаниялар мүчө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG