Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

Журналисттер Путинден Навальныйдын ууланышы жана АКШга киберчабуул боюнча комментарий күтүп жатышат


Владимир Путин. Москва. 2-декабрь, 2020-жыл.
Владимир Путин. Москва. 2-декабрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 17-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жыл аягында болуучу салттуу маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Президенттин маалымат жыйыны АКШга жасалган ири киберчабуул артында Орусия турат" деген жана Кремлдин сынчысы, оппозиционер Алексей Навальныйдын ууланышына орус бийлигин айыптаган иликтөөлөр жарыяланган учурга туш келди.

Бул жолу президент Путин журналисттер менен өзүнүн шаар сыртындагы резиденциясынан онлайн байланышат. Журналисттер Москвадагы Дүйнөлүк соода борборуна жайгашып, Путинге видео байланыш аркылуу суроо беришет. Бул COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар экени кабарланды.

68 жаштагы Владимир Путин Орусиянын мамлекет башына 1999-жылы келген. Ошондон бери өлкөнү президент, өкмөт башчы катары башкарып келет.

XS
SM
MD
LG