Ташкентте жаза катары окуучуларын сабап, атайлап ачка кармаган көмүскө иштеген үч диний мектептин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Yoshlar телеканалы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө диний мектептер Ташкенттеги үч үйдө ачылганы белгилүү болгон.
Алардын биринде 17, экинчисинде 11 жана үчүнчүсүндө төрт жашы жете элек бала билим алып келген.
Телеканалдын репортажында мектептерде таяк, бычак жана пневматикалык куралдар табылганы белгиленген. Мындан тышкары мектептин ээлеринин телефондорунда диний-экстремисттик агымдар менен террордук уюмдардын жетекчилеринин жихадга чакырган аудио жана видеотасмалары болгон.
Бүгүнкү күндө мыйзамсыз иштеген диний мектептерди ачкан адамдарды жоопко тартуу маселеси каралууда.
Дагы караңыз
Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөтЛавров Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөнү четке кактыПашинян: Эрте парламенттик шайлоону мен жалгыз чече албаймБаткенде кыргыз-тажик чек арасына эл чогулдуКыргыз энергетикасынын алы кышта билинди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине түшүндүрмө бердиУКМК: Өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы кармалдыТАСС: Москвада кыргызстандык курьер бычакталдыШинжаңда жүз миңдеген киши пахта талаасында күчтөп иштетилетСабиров: автоунааны техникалык кароодон милдеттүү өткөрүү кайра киргизилет