Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Сабиров: автоунааны техникалык кароодон милдеттүү өткөрүү кайра киргизилет


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Жогорку Кеңештин 16-декабрындагы отурумуна катышкан вице-премьер-министр Равшан Сабиров автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү тартиби кайрадан киргизилерин билдирди:

«Бул боюнча техникалык кароону кайра киргизели деп турабыз. Азыркы тапта катализатору жок машинеден көмүр кычкыл газы 2-2,5 эсе көп чыгып жатканын билебиз. Ушул учурда илимпоздор менен жарандык коом чогулуп, мамлекеттик органдар менен чогуу талкуулап жатабыз».

Бул тууралуу вице-премьер-министр депутат Осмон Турдумамбетовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат отурумда өкмөттү аракетсиздиги үчүн сындады:

«Азыр машинелерде катализатор деген калбай калды. Эл аны кесип туруп сатып ийди. Катализатордо баалуу металлдар, палладий, рудий деген бар экен. Машиненин катализаторун текшерген пистолет бар. Ал 2 миллион сом турат. Сиз «аныктап атабыз» дейсиз, андай болгон жок. Орусияга сатылып жатат, катализаторлор. Буга чейин катализатор жүктөлгөн бир жүк ташуучу машине кармадыңарбы?»

Автоунаадагы катализатор - атмосферага уулуу заттардын чыгышын тосуп турган чыпка. Азот кычкылын, исти жана көмүр кычкыл газын кайра иштетип, зыянсыздандыра турган машиненин шайманы.

Кыргызстанда автоунааны милдеттүү кароодон өткөрүү тартиби 2012-жылы алынып ташталган.

Жогорку Кеңештин 16-декабрдагы отурумунда абанын булганышына байланышкан маселе көтөрүлүп, өкмөт депутаттардын кескин сынына кабылды.

Бишкек акыркы күндөрү дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башына чыгууда. Мамлекеттик органдар буга шаардагы 47 жаңы конушта жайгашкан 75 миң түтүн үйдүн көмүр жагышы, баш калаадагы 410 миңден ашуун менчик автоунаа себеп болуп жатканын билдирип келишет. (BCh)

XS
SM
MD
LG