Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:27

УКМК: Өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары даражасындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы «А.А.М.» аттуу жаран кармалганын маалымдады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы жана Аскер прокуратурасы радиожыштыктарга байланыштуу коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы ушул иштин алкагында Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык 15-декабрда кармалып, камакка алынды.

Өкмөттүн сайтында аталган бөлүмдүн башчысы Азамат Араев экени жазылган.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен радиожыштыкты мыйзамсыз сатууга тиешеси бар деп шек саналган өкмөттүн мурдагы аппарат башчысы Самат Кылжыевди УКМК эки айга камаган.

2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы ачыкка чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголгон жана мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG