Екатеринбургда «СтройГрад» фирмасында иштеген тажик мигранттары айлык акы берилбей жатканына нааразы болуп, жаңы курулуп жаткан объектинин ички дубалдарын талкалап кетти.
«Келишим боюнча иш берүүчү бизге аткарылган жумуш үчүн дароо айлыгыбызды төлөп бериши керек болчу. Төлөп берген жок», - деди мигранттардын бири.
«СтройГрад» фирмасынын жетекчиси Светлана Бурук мигранттар жума күнү 162 чарчы метр аянтты шыбап бүтүргөнүн, инженер ишти кабыл ала электе дубалдарды талкалап кетишкенин айтты.
«Инженер жасалган ишти кабыл алып, акт түзгөнгө чейин мен аларга айлык төлөй албайм. Бул пункт келишимде жазылган. Бирок алар инженерди күтпөй, ички дубалдарды талкалап кетишти», - деди ал.
Анын айтымында, жумушчулар курулуш инструменттерин ала кетишкен, мигранттар болсо муну курулай доомат деп аташты. Светлана Бурук фирма 400 миң рублге зыян тартканын, мындан улам полицияга кайрылганын билдирди.
Орусия бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө тажикстандык 1 миллиондон ашуун жаран жашайт. Коронавирус пандемиясынан улам эмгек мигранттарынын бир бөлүгү мекенине кайткан.
Жакында Орусиянын курулуш министрлиги өлкөнүн 50 аймагында жумуш күчү жетишпей жатканын билдирип, чет өлкөлүк мигранттардын өлкөгө киришине жеңилдик берүү каралып жатканын маалымдаган.
Дагы караңыз
Жусуп Мамайдын манасчылык мурасын көз карегиндей сактоо зарылДүйнө кубогунда Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болдуМээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге алды Пашинян: Эрте парламенттик шайлоону мен жалгыз чече албаймБаткенде кыргыз-тажик чек арасына эл чогулдуСалттуу «Улут абийри» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары ыйгарылдыКыргыз энергетикасынын алы кышта билинди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине түшүндүрмө бердиУКМК: Өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы кармалдыТАСС: Москвада кыргызстандык курьер бычакталды