Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Салттуу «Улут абийри» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары ыйгарылды


«Улут абийри» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары. Декабрь, 2020-жыл.
«Улут абийри» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары. Декабрь, 2020-жыл.

Салттуу «Улут абийири» жана «Улут үлгүсү» сыйлыктары ыйгарылды.

Быйыл Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыгына конституциялык укук боюнча юрист Сания Токтогазиева татыды. Ал «чындыктын тили менен сүйлөп, улуттун аң-сезимине тийгизген жарандык жигердүүлүгү үчүн» сыйланды.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко Ишенбай Абдуразаков атындагы «Улут үлгүсү» сыйлыгын алды. Аталган сыйлык Наталья Никитенкого «Парламентте мыйзам тили менен сүйлөп, улутка руханий эш болуп келе жатканы үчүн» берилди.

Сыйлыктарды «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир бүгүн, 16-декабрда тапшырды.

«Улут үлгүсү» жана «Улут абийири» сыйлыктарын коомду агартуу багытындагы «РухЭш» сайты уюштурган. Бул сыйлык коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн тайманбай көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG