Кошмо Штаттар Түркиянын коргонуу тармагынын жетекчилерине санкция салды. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги АКШнын Финансы министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Мындай жол менен АКШ Түркияны Орусиядан абадан коргонуучу С-400 системаларын сатып алганы үчүн жазалоого ниеттенүүдө.
АКШ Вашингтондун Анкарага каршы колдонгон чарасы Түркиянын экономикасына таасир этүүгө тийиш деп эсептейт. Агенттик коронавирус пандемиясы ансыз да түрк экономикасын алсыратканын белгилеген.
Былтыр АКШ Түркия F-35 учактарына коркунуч жарата турган С-400 системаларын сатып алганын, эки система бири-бирине шайкеш келбей турганын билдирген.
Дагы караңыз
ОшТУ: Ректорлук кызмат үчүн ат салышууАКШ: Шайлоочулар коллегиясы Байдендин президенттик шайлоодогу жеңишин тастыктадыТоолуу Карабак: Азербайжан менен Армения туткундарды өз ара алмаша баштадыТүркияда Чыңгыз Айтматовду эскериштиЖоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогун утуп алдыТүркмөнстанда 2082 адамга ырайым берилдиЧыныбай Турсунбековдун көркөм дүйнөсүАтамбаевдин тоюн атайын кызмат териштире баштадыДүйнө кубогунда Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты