Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Түркмөнстанда 2082 адамга ырайым берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда 2082 адамга ырайым берилди. Алардын арасында чет өлкөнүн төрт жараны бар. Мындай чечим Түркмөнстандагы Бейтараптык күнүнүн урматына кабыл алынды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазып чыкты.

Түркмөнстанда массалык ырайым мамлекеттик жана диний майрамдардын алдында жылына бир нече жолу берилет. Бирок мындай жазаны жеңилдетүүгө саясий иштердин негизинде соттолгондор туш болбойт. Ырайым берилген адамдардын тизмеси ачык жарыяланбайт.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, Түркмөнстан - калктын санынан алганда аймактагы эң көп соттолуучу туш келген өлкө. Бул мамлекетте саясий иштердин негизинде соттолгондор узак убакыт бою абакта кармалат жана алар жөнүндө дээрлик маалымат берилбейт.

Түркмөнстанды 13 жылдан бери башкарып келе жаткан Гурбангулы Бердимухамедов Бейтараптык күнү майрамынын урматына 2580 адамга өлкөнүн жарандыгын бергени кабардалды.

XS
SM
MD
LG