Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Дүйнө кубогунда Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Балбан Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун жарым финалдык беттешинде орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде утуп, мелдештин финалына чыкты.

Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта килемге чыгып, алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду жеңди.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча финалдык беттеш 15-декабрда өтөт.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмак категориясында килемге чыкты.

Балбан Руслан Царев коло байге утту. Жеңил салмактарда 13-декабрда күрөшкө түшкөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) финалга чыкса, Калы Сулайманов (63 кг) менен Үзүр Жусупбеков (97 кг.) коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Балбандардын беттеши бүгүн, 14-декабрда өтөт.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуудан сырткары Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Нураида Анаркулова да катышууда. Алар 15-декабрда беттешке чыгышат. (GT)

XS
SM
MD
LG