Өзбекстандын мектептеринде жаңы жылдык балатыга тыюу салынды

Базардагы балаты. Ташкент. 2020-жыл.

Өзбекстандын мектептеринде окуучулардын катышуусунда жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин мектептерге жөнөткөн 11-декабрдагы катында жазылган.

Ага ылайык, мектептерде Жаңы жылды белгилөөгө байланышкан кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүгө, бул үчүн ата-энелерден акча чогултууга, класстарды жасалгалоого болбойт.

Катта министрлер кабинетинин 16-ноябрдагы жыйынында жыл сайын өтчү «Президенттик балаты» майрымын «Болажон» жана «Yoshlar» телеканалдары аркылуу телемарафон кылып өткөрүү чечилгени жазылган.

Документте мындай чечим коронавирус пандемиясы маалында окуучулардын саламаттыгын коргоо максатында кабыл алынганы белгиленген.

Дагы караңыз

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогун утуп алдыТүркияда Чыңгыз Айтматовду эскериштиТүркмөнстанда 2082 адамга ырайым берилдиЧыныбай Турсунбековдун көркөм дүйнөсүАтамбаевдин тоюн атайын кызмат териштире баштадыДүйнө кубогунда Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты