АКШ менен Кыргызстандын ВИЧ/СПИДди токтотуу боюнча кызматташтыгына он жыл толду

АКШнын желеги Кыргызстанда. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы ВИЧ/СПИД эпидемиясына каршы күрөш боюнча кызматташтыкка он жыл болду.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 1-декабрда билдиргендей, быйыл Америка дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн «ВИЧ/СПИД эпидемиясын токтотуу: туруктуулук жана таасир» деген теманын алкагында өткөрүп жатат.

Бул мезгил аралыгында АКШ президентинин СПИДден жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча планы (PEPFAR) ишке ашырылган. Анын алкагында ВИЧтин алдын алуу, адистерди даярдоо, илдеттен коргонуу жана дарылоо боюнча жергиликтүү коомдук уюмдардын мүмкүнчүлүктөрү көбөйтүлдү. ВИЧке чалдыккандарга жардам көрсөтүү программалары ишке ашты.

«PEPFAR даярдаган ар бир саламаттык сактоо адиси, биз курган лаборатория жана биз өнөктөш болгон жергиликтүү уюм ВИЧ менен гана эмес, учурдагы жана келечектеги ден соолук көйгөйлөрүнө да туруштук бере алат», - деп билдирди АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун ВИЧ/СПИД боюнча Борбор Азия программасынын директору Патрик Надол.

Маалыматка караганда, АКШнын жардамы менен СПИД жана наркологиялык борборлорго жана алардын лабораторияларына, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна техникалык жардам жана башка колдоо көрсөтүп келет.

АКШнын элчилиги алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу жана эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу багытында Кыргызстан менен кызматташтыгын уланта турганын билдирди.

2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10 219 кишиге жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер.

Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар. (NT)

Дагы караңыз

Венгрия менен Украинанын ортосунда дипломатиялык чыр чыкты «Батукаев чыры»: Атамбаевдин иши кайра каралатМатраимов атайын эсепке төккөн акча 646 миллион сом болдуПрезиденттикке аттанган айрым саясатчылар кысымга жана куугунтукка кабылганын айтып чыгышты«Формула-1дин» чемпиону Льюис Хэмилтонго коронавирус жукту