Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:19

Матраимов атайын эсепке төккөн акча 646 миллион сом болду


Райымбек Матраимов. Коллаж сүрөт.
Райымбек Матраимов. Коллаж сүрөт.

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 1-декабрга карата мамлекетке жалпысынан 646,6 миллион сом төктү. Бул тууралуу «Азаттыкка» шейшемби күнү Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине акыркы жолу 110,4 миллион сом которду. Ага чейин 493,8 миллион жана 42,3 миллион сом төккөнү кабарланган.

Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Мирлан Шабданов:

"Бүгүнкү күндө Бирдиктүү депозиттик эсепке экономикалык амнистия боюнча жалпы түшкөн каражат 667 миллион сомду түзөт. Анын ичинен кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча 661 миллион сом болсо, анын ичинде Райымбек Матраимовдон келип түшкөн акча 646 миллионду түзөт".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген. Ошого байланыштуу социалдык түйүндөрдө соңку күндөрү ноябрь аяктарына аз калганы, канча акча төлөнөрү тууралуу талкуу күчөгөн.

УКМК Матраимов кайтарган акча боюнча маалымат тергөө аяктаганда берилерин кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG