Кыргызстандын Гимнинин авторлорунун бири, акын Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында көз жумду. Маркумдун жакындарынын маалыматына караганда, ал оорудан улам каза болду.
Акын Шабданбек Кулуев - эгемен Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири. Ал гимнди кыргыз эл акыны Жалил Садыков менен биргелешип жазган. Бул үчүн ага 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген.
Шабданбек Кулуев он чакты китептердин автору болгон. Өмүрүнүн көп бөлүгүн мектепте балдарга билим берүүгө арнаган. 1991-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамына ээ болгон.