Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:33

«Мегаком» иши: Жапаров жана Текебаев бирин бири айыптады


Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров. Коллаж сүрөт.
Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров. Коллаж сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров басмачылык саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт. «Мегаком» чыры боюнча айыптоого байланыштуу мындай пикирин Текебаев 24-ноябрда «Азаттыкка» билдирди:

«Биринчиден, Жапаров өзүнүн деңгээлин көрсөттү. Экинчиден, сотко түздөн-түз көрсөтмө берди. Анын достору мамлекетти, парламентти, күч түзүмдөрүн башкарып турушат. Биздин соттор өз алдынча боло элек. Аларга бул түздөн-түз көрсөтмө. Атамбаевден да өткөн басмачылык саясатты улантып жатат».

Садыр Жапаров «7-канал» телекомпаниясына 23-ноябрда курган маегинде:

«Азыр айта берсем болот. Президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда айтсам болбойт эле. Бул Маевскийден 1 миллион доллар алган. Алганы анык. Муну бардык саясий элита билет. Мен да тастыктап берем» деп айткан.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду тилкат менен бошоткон. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG