Базардагы өрт соодагерлерди күйгүздү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» өрт чыгып, тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады. Бул пандемияда ансыз да араң иштеп жаткан соодагерлерди сызга отургузду.