Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө көчөлөрдү дезинфекциялоо токтотуларын билдирди. Сурабалдиева бул тууралуу “Твиттердеги” баракчасына жазды.
“Пайдасыз бирок, хлор үчүн деп “чыгаша” кылууга ыңгайлуу нерсени токтоттум. Буга миллиондогон мамлекеттик каражат кеткен”, - деп жазды.
Пандемия башталгандан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги хлор менен (ӨКМ) көчөлөрдү, имараттарды дезинфекциялап жатат.
ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологдордун көрсөтмөсү менен даярдалып, бардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөрүн билдирген. Азырынча мекеме дезинфекция иштерине канча каражат коротулганын маалымдай элек. (TSh)
Дагы караңыз
Байден: Шайлоодон жеңдим деп айтууга али эртеТИМ:Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткаратСадыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катыштыЭски жана жаңы бийликтин башын кошкон Эскерүү күнү