Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Байден: Шайлоодон жеңдим деп айтууга али эрте


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенттигине талапкер Жо Байден “президенттик шайлоону жеңип чыгышым мүмкүн” деп айтканы менен “так кесе жеңдим деп айтууга эрте” деди. 7-ноябрда Аризона, Невада жана Пенсильвания штаттарындагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, Байден алдыда баратканы маалым болду.

АКШдагы шайлоо учурунда коронавируска чалдыккандардын саны кескин өсүп жатат.

Президенттик шайлоодо 100 миллиондон ашуун шайлоочу алдын ала добуш берди.

Ушул тапта Байден шайлоочулар коллегиясынын 253, ал эми Трамп 214 добушун алды.

Ал арада Жоржия штатында да демократтар көпчүлүк добушка ээ болгону кабарланды. Жогорку сот республикачылардын Пенсильваниядагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо тууралуу талабын четке какты.

Бул штатта да Байден алдыда баратат. Шайлоодо Республикалык партиядан президент, 74 жаштагы Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент, 78 жаштагы Жо Байден ат салышты.

АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкерге ошол аймакта белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнү добуш беришет. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү деп табылат. Шайлоо 3-ноябрда өткөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG