ЭлТРге жаңы жетекчи болуп дайындалган Шаиста Шатманова белгисиз кишилер аны коркутуп жатканын "Азаттыкка" билдирди.
"23-октябрда белгисиз бир нече эркек кеңсеге келип, кызматтан кетишимди талап кылышты. Өздөрүн премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атынан келдик деп тааныштырышты", - деди ал.
Шатманова мунун артында эмгек жамааттын ичине бүлүк салгысы келген күчтөр же Жапаровдун кадр саясатына кийлигишүү максатындагы кишилер турган болушу мүмкүн деп эсептейт.
Өкмөттүн Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев бул окуядан кабарсыз экенин билдирди.
"Бир күн мурда Шатманова менен сүйлөшкөм. Ал арызданган эмес, иш өз нугунда уланып жатканын айткан", - деди Рысалиев.
Шаиста Шатманова ЭлТРге 16-октябрда директор болуп дайындалган. Каналдын кызматкерлери буга ачык нааразылык билдирип чыгышкан. (SE)
Дагы караңыз
БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледиТергөөчүлөр БШКнын 3-июлдан берки документтерин тинтүү кылууда Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКоронавирус жуккан 147 медкызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилдиБШКда тинтүү болуп жатканы кабарланды