Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Коронавирус жуккан 147 медкызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилди


Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган медкызматкерлердин 147си өкмөттөн 200 миң сомдон кенемте алышканын маалымдады. Башкаларына төлөп берүү маселесин атайын комиссия карап жатат.

Кенемте алуу максатында 1901 медкызматкердин атынан арыз түшкөн.

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 24-октябрга карата 3569​га жетти. Алардын ичинен 3251и айыгып, 84ү каза болду. Алардын арасынан 24 кишинин жакындарына миллион сомдон төлөндү.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 24-октябрдагы маалыматына ылайык, өлкөдө бул дартка кабылгандар марттан бери 55144 кишиге жетти. Алардын 47 337си айыгып, 1130 бейтап көз жумду.(SE)

XS
SM
MD
LG