Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

БШКда тинтүү болуп жатканы кабарланды


Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) күч кызматкерлери келип, 3-июлдан берки документтерди "казып жатканын" Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева 24-октябрда "Фейсбукка" жазды. "Азаттык" анын чоо-жайын тактоо үчүн Журабаевага телефон чалып, азырынча жооп ала алган жок.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселеде азыр комментарий берүүгө убактысы болбой жатканын айтты. Төрайымдын орунбасары Абдыжапар Бекматов да ушундай жооп берди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Журабаеванын жазганы боюнча тактоо жүрүп жатканын билдирди.

21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан. Бул окуя жарандык коомдун, айрым саясатчылардын сынына кабылган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзамсыздык тууралуу айтылган соң ИИМ БШК мүчөлөрүнө «кысымын токтотконун» «Фейсбукка» жазган.

Омбудсмен Токон Мамытов жана бир канча коомдук уюмдар милициянын аракетин сындап чыгышкан. Алар БШК - ишмердиги мыйзамдар менен даана көрсөтүлгөн конституциялык орган экенин кошумчалап, БШКнын ишине кийлигишкендер Жазык кодексинин негизинде жоопко тартыларын эскертишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG