Вашингтондо Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөр өткөнү жатат

Тоолуу Карабак. 20-октябрь, 2020-жыл.

Тоолуу Карабакка байланыштуу касташып жаткан Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери 23-октябрда Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен өз-өзүнчө жолугат. Жейхун Байрамов менен Зограб Мнацаканян бетме-бет сүйлөшүү өткөрөр-өткөрбөсү азырынча белгисиз.

Помпео бул жолугушууда чатакты токтотуу зарыл экенин, кармашка башка өлкөлөр аралашпашы керек экенин айтарын билдирди. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Азербайжан менен Армениянын башкы дипломаттарынын Вашингтонго барып, маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттенип жатышканын кубаттады.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ жагдайды жөнгө салыш үчүн Москва менен чогуу иш алып барат деп үмүттөнүп жатканын айтты. Ошондой эле Тоолуу Карабактагы соңку кармашта беш миңден ашуун киши каза болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан бери кармаш токтобой келет. Кармаш үчүн Ереван менен Баку бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Орусия арачылык кылган атышпоо келишиминин экөө тең толук ишке ашпай калды.

Дагы караңыз

Чукул реформанын максаты жана кесепетиТоктогазиева: Авторитардык режимге жол ачылуудаАскаровдун жесири издеген адилеттик Жапаров жемкорлорго мунапыс убада кылды