Аскаровдун ишине байланыштуу соттук отурум Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик адамдары кызматтан кеткенден кийинки биринчи иш болуп турат.
Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2019-жылы «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген негизде өкмөткө каршы арыз жазган.
12-июнда Бишкектин административдик соту «иштин алкагындагы талашта өкмөт жооптуу эмес» деген жүйө менен Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан.
Бишкек шаардык соту быйыл 20-августта Аскаров тирүү кезинде өкмөткө каршы жазган апелляциялык доо арызын карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.
Маркумдун жубайы Хадича Аскарова Бишкек шаардык сотунун Азимжан Аскаров боюнча чечимине каршы Жогорку сотко кайрылган.
Аскаровдун жактоочусу Хусанбай Салиев кыргыз өкмөтү адам укугун сыйлабай жатат деген пикирде.
«Өкмөттүн өз милдеттерин аткарбай жатканын белгилеп, "мыйзамсыз деп табылсын жана аны аткарууга милдеттендирилсин" деп соттон суранып жатабыз».
2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Ушул маалыматка таянган Аскаровдун жесири Хадича Аскарова бийлик кенемте төлөп бериши керек деп эсептейт.
«БУУ Азимжан Аскаровду тезинен бошотуп, абакта отурган күндөрү үчүн кыргыз бийлиги ага кенемте төлөп беришин суранган. Бирок аны бийликтегилер аткарган жок. Атамбаев, Жээнбеков кызматтан кетти. Эми Садыр Жапаровго кайрылам. Жолдошум бейкүнөө абакта отурганы үчүн «балдарыма жана мага кенемте төлөп беришине жардам бериңиз» деп суранат элем».
Аскаровдун укуктарын коргоп келген «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму кыргыз өкмөтүн «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деп күнөөлөп келет.
Уюмдун 21-октябрда тараткан билдирүүсүндө Бишкек шаардык сотунун чечими Азимжан Аскаровдун жубайынын укугун чектей турганын билдирген. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларга токтолду.
«"Бир дүйнө - Кыргызстан" башка эл аралык өнөктөш уюмдар менен кошо Азимжан Аскаровдун укуктарын коргоону уланта бермекчи. Уюм укук коргоочунун өлүмүн иликтөө иши да үч айдан ашуун убактан бери созулуп жатканына кабатыр экенин билдирген. Кыргызстандын Конституциясы боюнча өлкөдө адам укуктары жана эркиндиги жогорку баалуулуктар болуп саналат. Бул бардык мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктап турат».
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрдагы жалпы кыргызстандыктарга багыттаган кайрылуусунда «мурдагы бийликтердин тушунда саясий мотивдер менен соттолгондор өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүк түзүлдү» деп билдирген.
Деген менен 2010-жылы Азимжан Аскаров кармалган учурда башкы прокурор кызматын аркалап турган Байтемир Ибраев Аскаровдун ишинде саясий боёк болгон эмес деп эсептейт.
«Укук, мыйзам деген саясаттан да бийик турушу керек. Бийликтин алмашканы мыйзамдуу соттун чечимдерине таасирин тийгизбеши керек. Бийлик башчылары келет-кетет, алмаша берет, бирок базалык мамлекеттүүлүккө доо кетире турган мыйзам бузулбашы керек. Мен Азимжан Аскаровдун күнөөсү толук далилденип, туура соттолду деген адамдардын катарындамын. Себеби Аскаров кармалганда мен өзүм да текшерип, күмөнүм жок туруктуу ойго келгем. Анан азыр бардыгын Отунбаевага, Атамбаевге, Жээнбековго шылтап коюп, Садыр Жапаров актап коюшу мүмкүн эмес».
69 жаштагы Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болгон. БУУнун Адам укуктары боюнча Башкы комиссариаты Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү зарыл экенин жана анын үй-бүлөсү бийликтен кенемте өндүрүп алууга укугу бар болгонун 28-июлда Женевада билдирген. Ошондой эле Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар да кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 1-августтагы маегинде түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча суроого жооп берип жатып, укук коргоочунун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталганын билдирген.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Азимжан Аскаровдун иши мыйзам талаасында калыс каралышы керек деп эсептейт.
«Эгер Аскаровдун күнөөсү жок экен деп сот аны азыр актай турган болсо бир топ прокурор, судьялар жоопко тартылышы керек. Аны сотто канчалык далилдей алат? Ал анын жактоочулары менен Аскаровдун таламын талашып жүргөн укук коргоочулардын ишине байланыштуу».
Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын сөөгү 31-июлда Өзбекстанда жерге берилген.