Борбор Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу, адам укугу боюнча координатор, конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берди.
- 22-октябрдагы Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоону жылдырып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга дароо кол койду. Үч ай ичинде конституциялык реформа жасоо деги эле мүмкүнбү?
- Жок, үч айдын ичинде толугу менен конституциялык реформа жасоого мүмкүн эмес. Биздин Баш мыйзамдын 114-беренесине ылайык ага өзгөртүү киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнүн катышуусу менен үч окуудан кабыл алынат да. Ошол үч окуунун ортосундагы аралык эки ай болуп эсептелет. Окуулар эле төрт айга созулат.
Андан тышкары долбоор улуттук талкуулоого чыгарылышы керек. Буга болжол менен бир ай кетет. Андан кийин сунуштардын баары кабыл алынгандан кийин жаңы долбоор Конституциялык палатага жөнөтүлөт. Ага да убакыт керек. Жалпылап айтканда, кеминде алты айга чейин созулган процесс. Азыркы болуп жаткан кырдаал абдан чоң шек туудуруп жатат. Үч айдын ичинде конституциялык реформа жасоо мүмкүн эмес.
- 6-чакырылыштын депутаттары өз мөөнөтүнөн дээрлик сегиз айдан ашык иштемей болду. Бул конституциялык нормаларга туура келеби? Ошол маалда парламенттин кабыл алган чечимдери канчалык легитимдүү?
- Толугу менен алардын чечим кабыл алуусу туура эмес. Себеби, Баш мыйзамдын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш беш жылдык мөөнөт менен шайланат. Ошондо расмий жана формалдуу түрдө Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын иши 15-октябрда бүткөн. Конституцияны бузбаш үчүн азыр шашылыш түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык 20-декабрда шайлоо өтүшү керек.
Баса белгилей кетчү нерсе, азыркы 6-чакырылыштын депутаттары мыйзамдуу түрдө да, моралдык жактан да референдум өткөрө алышпайт. Баш мыйзамдагы 71-берене боюнча жаңы парламенттин биринчи жыйыны болгондо эскинин ыйгарым укуктары бүтөт деп да жазылган. Бул беренени кандай түшүнсө болот? Шайлоо маалында «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиялары мыйзам бузгандыктан азыркыдай саясий кризисте калдык.
6-чакырылыштын депутаттары азыр бийликтеги вакуумдун алдын алуу боюнча эле иштеп калган. 15-октябрда мөөнөтү бүткөндүктөн, бул чакырылыш эч убакта өзүнүн ыйгарым укуктарын конституциялык реформа сыяктуу фундаменталдык нерселерге пайдаланууга укугу жок. Мыйзамдык, моралдык, укуктук жактан да эч кандай укугу жок. Алардын кылып жаткан иштери толугу менен легитимсиз, Баш мыйзамга каршы келет.
- Алардын бул чечимдерине кантип жол бербей коюуга болот? Анын да механизмдери болушу керек да?
- Механизмдери бар, маселен кечээги мыйзамды кабыл алууда абдан көп мыйзам бузуулар болду. Азыр бир механизми - Конституциялык палатага кайрылуу. Эгер ал жакта Баш мыйзамды чындап эле коргоочу судьялар отурса, анда бул мыйзамды такыр эле Баш мыйзамга дал келбейт деп четке кагышы керек. Менимче, бүгүн оппозициялык партиялар ушундай сунуш менен чыгышы мүмкүн.
22-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын жыйыны, анда кабыл алынган чечимдер толугу менен Кыргызстанга жасалган чыккынчылык деп эсептелинет. Биз Кыргызстанды укуктук, демократиялык өлкө десек, мындай чыккынчылык болбошу керек.
- Бирок, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "референдум өтсө Түркмөнстанга айланабыз" деп айтып жүрүп эле бир түндө пикирин өзгөрттү. Депутат Сулайманов да катуу каршы туруп эле эртеси шайлоону жылдырганды колдоду. Бир түндө эмне өзгөрдү деп ойлойсуз?
- Чындыгында эмне себеп болгонун билбейм, бирок Өмүрбек Текебаевдин айткан сөздөрү позициясына таптакыр дал келбейт деп ойлойм. Эгерде чындап эле бийликтин узурпациясына каршы болсо Текебаев да, Сулайманов да акырына чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол бербей турушу керек эле.
Текебаев айтып жатпайбы, «шарт койдук, парламенттик башкарууну сактап калабыз» деп, бирок анын айткандары ишке ашпайт. Анткени, азыр биз реформага жол берсек, толугу менен президенттик, ал тургай супер президенттик башкарууга жол ачат. Бизде плюрализм жок.
Дагы шек туудуруп жатканы ким бул жаңы Баш мыйзамды үч-төрт күндө жаза калды? Демократиялык мамлекетте мындай болбойт. Бул үчүн конституциялык кеңеш түзүлүп, инклюзивдүү процесс болушу керек. Өзгөртүүнү ким жазганы да белгисиз. 22-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын жыйыны, анда кабыл алынган чечимдер толугу менен Кыргызстанга жасалган чыккынчылык деп эсептелинет. Биз Кыргызстанды укуктук, демократиялык өлкө десек, мындай чыккынчылык болбошу керек.
- Деги эле Кыргызстанда башкаруунун «америкалык моделин» - президент аткаруу бийлигин да өз колуна алган система түзүү канчалык реалдуу?
- Менимче бул таптакыр реалдуу эмес. Себеби, АКШнын өзүнүн тарыхы бар. Ал жакта система такыр башкача, аны Кыргызстанга алып келүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары Садыр Жапаров жана аны тарапташтары бир мандаттык шайлоо системасы келет деп. Азыр биз саясий-укуктук контексттен карап, референдумга жол берсек кайра эле Кыргызстанда толугу менен супер президенттик, авторитардык, кландык режимдин калыбына келишине жол ачабыз.
Натыйжалуу, тең салмактуу төгөрөгү төп келген Баш мыйзамды кабыл алыш үчүн бизде саясий плюрализм болуп, саясий процесстерге максималдуу өкүлчүлүк талап кылынышы керек да. Бизде андай жок азыр, тилекке каршы бардык процесс жашыруун болуп жатат. Анан кантип эле ушул жапма челек позициясынан кийин элдин таламын талашкан, адилет Баш мыйзам жазылат деп ишенишибиз керек? Мен конституциялык адис катары ага ишенбейм.