Музейдеги буюмдарды мекемелерге берүүгө тыюу салынат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде тартылган сүрөт. 2019-жыл.

Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын сактоо жана алардын уурдалышынын алдын алуу максатында, мамлекеттик музейлеринин фондунан мекемелердин ички жасалгаларын кооздош үчүн буюмдарды убактылуу пайдаланууга берүүгө жана көргөзмөлөрдү адистештирилбеген мекемелерде өткөрүүгө тыюу салынат.

Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгону 23-октябрда расмий кабарланды.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрликтин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлдү.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоолонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана жарандык коомдун митинги башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Айрым демонстранттар парламент имаратын басып алышкан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ошол башаламандыкта Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынан бир канча сүрөт жоголгонун маалымдаган. Ал сүрөттөр Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейине таандык болгон. (SE)

Дагы караңыз

Мадумаров: Азыркы бийлик «баары меники» деген кылмыштуу жолго түшүп алдыТоктогазиева: Авторитардык режимге жол ачылуудаТогуз айда бюджеттеги таңкыстык 15,1 миллиард сомду түздү «Манас» аэропортунун жетекчисине каршы акция өттү«Жасалма референдумга жана бийликти узурпациялоого жол жок» деген кайрылуу жарыяланды