Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

«Жасалма референдумга жана бийликти узурпациялоого жол жок» деген кайрылуу жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жарандык активисттер, юристтер жана укук коргоочулар «Жасалма референдумга жана бийликти узурпациялоого жол жок. Биз парламенттик кайра шайлоону колдойбуз» деген ураан алдында биригип жатканын жарыялашты. 23-октябрда алар элге, юристтерге, жарандык жана бизнес бирикмелерге, саясий партияларга жана эл аралык уюмдарга кайрылып, Кыргызстандагы конституциялык түзүлүштү коргоого чакырышты.

Кайрылууда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүү боюнча даяр долбоору бар экенин, аны Жогорку Кеңешке жөнөтүүгө даяр экенин айтканы кыргызстандыктарды нес кылганы, себеби мындай аракетти Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу катары бааласа болору белгиленди.

Алар президенттин милдетин аткарып жаткан адамга Конституцияны өзгөртүүгө Баш мыйзамдын өзү уруксат бербей турганын, 5-6-октябрдагы митингдер эң оболу таза шайлоо үчүн уюштурулганын жана элдин нааразылыгын пайдаланып бийликти узурпациялап алууга, кайсы бир топтун кызыкчылыгын алдыга жылдырууга эч кимдин моралдык да, юридикалык да, саясий да укугу жок экенин эскертишти.

Кайрылууда парламенттик кайра шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аныктап берген күнү – 20-декабрда өткөрүү аркылуу гана легитимдүү парламент жана өкмөт бекитилери айтылып, шайлоо босогосун жана күрөөнү азайтуу, форма №2 менен добуш берүүнү чектөө деген эрежелерди кабыл алуу маанилүү экени айтылды. Боршайком өз алдынча конституциялык орган катары эч кимден көз каранды болбой иштеши керек экендиги, ага карата кандайдыр бир басымга жол бербөө зарыл экени да белгиленди.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, президенттин аппараты жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан. Ошол түнү абакта отурган бир топ мурдагы жетекчилер бошонуп чыккан, алардын арасында саясатчы Садыр Жапаров да бар болчу. 6-октябрда Жогорку Кеңештин чукул жыйыны өтүп, анда Жапаров өкмөт башчылыкка сунуш кылынганы айтылган. Кийин парламент аны мамлекет башчылыктан мөөнөтүнөн мурда кеткен президент Сооронбай Жээнбековдун ордуна президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр кылып бекиткен.

Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын 9-октябрда жокко чыгарган Боршайком кайра шайлоону 20-октябрда белгилеген. Президенттик шайлоо, мыйзам боюнча, мамлекет башчынын отставкасынан кийин үч ай ичинде өткөрүлүшү керек.

22-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү мыйзам долбоору бир күн ичинде фракциялардын да, тийиштүү комитеттин да колдоосуна ээ болуп, жалпы жыйында дароо үч окууда кабыл алынды. Долбоордун демилгечилери муну өлкөдөгү оор коомдук-саясий жана экономикалык абал менен негиздеп жатышат. Конституцияга президенттик, парламенттик, аралаш башкаруу формаларынын бирин аныктоо маселеси коюлары айтылып жатат. 2010-жылдагы конституциялык референдумда Кыргызстан парламенттик башкаруу жолун тандап алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 22-октябрда соңку он жылда парламенттик башкаруудан президенттикке өткөн үч эле өлкө – Африкада өнүгүүсү артта калган Уганда, Сенегал жана Гана бар экенин айтып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгени өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы сокку уруу аракети катары баалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG