Маалымат каражаттарынын имараттарын элдик кошуун кайтарат

Бишкектеги элдик кошуундун ыктыярчылары. 7-8-октябрь, 2020-жыл.

Элдик кошуундун мүчөсү «Биздин Бишкек» кыймылы массалык маалымат каражаттарынын имараттарын кайтарат. Учурда ыктыярчылар алардын кеңселери жайгашкан жерлерге жиберилди.

«Биздин шаар» «Телеграм» каналынын маалыматына караганда, учурда айрым маалымат каражаттарынын редакцияларына кол салуу даярдалып жатканы тууралуу кабар келген.

Элдик кошуун журналисттерди коргоону жарандардан да өтүнөт.

Ушул тапта Бишкекте бир катар саясий күчтөрдүн тарапкерлери бир нече митинг өткөрүп жатышат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган жүздөгөн митингчилер Бишкектеги «Форум» ишканасынан чыгып, Жогорку Кеңеш тарапты көздөй бет алышты. Өкмөт Үйүнүн алдында Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары митинг өткөрүшүүдө. Бүгүн ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттердин митинги Бишкектеги башкы темир жол вокзалынын жанында өтүп жатат.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы Бишкекте миңдеген адам көчөгө чыгып, анын аягы митингчилердин парламент менен президенттик администрациянын имаратына кирип барышы менен аяктаган. Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрдагы билдирүүсүндө өлкө мыйзамдуу жолго, укуктук нукка түшкөн соң кызматын тапшыра турганын жарыялады. (ZKo)

Дагы караңыз

Жалал-Абад облусунда жылуулук мезгилине даярдык текшерилдиНобел тынчтык сыйлыгы Дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыйгарылдыАтамбаев менен Бабанов баштаган митингчилер Жогорку Кеңеш тарапка бет алыштыЧүй облусунун жана Бишкектин тургундары мыйзамсыздыкка каршыСурабалдиева: Мамлекетти криминалга башкартпашыбыз керекАтамбаев президент Жээнбековду кызматтан кетүүгө чакырды«Акыркы үмүт» саясий бирикмеси Бабановду өкмөт башчылыкка көрсөттүПрезидент кырдаалды жөнгө салууга кадам таштады