Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

Жалал-Абад облусунда жылуулук мезгилине даярдык текшерилди


Кара-Кече көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Кече көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Күз-кыш мезгилине карата Жалал-Абад облусунда 1076 социалдык объектинин жылытуу системасы жана отказандары даярдыктан өттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Маалыматка ылайык, алардын 740ы билим берүү мекемелери, 336сы калкка медициналык кызмат көрсөтүүчү жайлар. Саламаттык сактоо мекемелерине зарыл көмүр 95,6% даяр, ал эми мектептерде жана окуу жайларда 57,3% даяр. Аймакта «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасына таандык болгон 26 коммуналдык отканалар оңдоп-түзөөдөн өттү. 15-октябрга чейин тоолуу аймактардагы социалдык мекемелерди көмүр менен камсыз кылыш үчүн күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп жатат.

Облустун райондору менен шаарларында күз-кыш мезгилинде эл 176,4 тонна көмүр-отун керектейт, мунун 75% камсыздалып бүттү. Жалал-Абад обласунда жалпысынан көмүр өндүрүүчү жеке менчик 15 жай бар.

Быйылкы тогуз айда 200,4 миң тонна көмүр казылды, бул былтыркыга салыштырмалуу 2,7% көп. Облустагы көмөк чордондору жана электр чубалгылары оңдолуп, 14 жаңы көмөк чордон орнотулган. (TB)

XS
SM
MD
LG