Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Нобел тынчтык сыйлыгы Дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыйгарылды


Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Нью-Йорктогу баш кеңсеси.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Нью-Йорктогу баш кеңсеси.

Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты болуп ачарчылыкка каршы күрөшү үчүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аталды.

Бул тууралуу Норвегиянын Нобел комитетинин төрагасы Берит Рейсс-Андерсен 9-октябрда билдирди. Нобел комитети коронавирус пандемиясы ачарчылык коркунучуна кептелген миллиондогон адамдын санын ого бетер көбөйткөнүн белгилеп, өлкөлөрдү Дүйнөлүк азык-түлүк программасына жана башка уюмдарга ал адамдарды тоюндуруш үчүн акчалай колдоо көргөзүүгө чакырды.

Уюмдун басма сөз катчысы Нобел сыйлыгын алуу алар үчүн «чоң сыймык» деп билдирди.

Лауреатка 10 миллион швед кронасы же 1,1 миллион доллар берилет. Тапшыруу аземи 10-декабрда Ослодо өтмөкчү.

Буга чейин сыйлыкты швециялык экоактивист Грета Тунберг, орусиялык диссидент Алексей Навальный, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алышы мүмкүн деп болжолдонуп келди.

Бардыгы болуп Нобел тынчтык сыйлыгына быйыл 318 талапкер сунуш кылынган, арасында 211 адам жана 107 уюм болгон.

XS
SM
MD
LG