Митингде президентти кетирүү жөнүндө талап коюлду

Өкмөт Үйүнүн алды. Бишкек шаары. 7-октябрь, 2020-жыл.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингге «Ата Мекен», «Республика» партияларынын тарапкерлери келип кошулду.

«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев сөз сүйлөп, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону сунуш кылды:

«Сокени кетириш керек. Райымды камаш керек. Бизди кошуналар, чет өлкөлөр таанышы үчүн биз мыйзамдашуубуз керек. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттары ишке чыгышы керек. Чыкпаса ар бирин үйүнөн алып чыгабыз».

Депутат Жанарбек Акаев да сөз сүйлөп, парламенттин 6-октябрдагы өткөргөн кезексиз жыйынын легитимсиз деп баалады:

«Бүгүнкү бийлик бөлүшүп аткандар - кайра эле «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партиясынын депутаттары, калган депутаттарды криминал коркутуп алып барды, ал жерде регламент талап кылган 90 депутат эмес, 30дан ашпаган депутаттар отурду. Бул отурум мыйзамсыз».

Ушул тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка сунушталышына каршы митинг өтүп жатат. 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушту.

«Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн. Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршылыгын Элдик координациялык кеңеш деп аталган экинчи оппозициялык бөлүк да билдирүүдө. (ZKo)

Дагы караңыз

Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун талапкерлигине каршы чыктыАктивист Тагаев кримтөбөл Камчы Көлбаевди камоону талап кылды (видео)Аянттагы митинг, чечилбеген кризисУлуттук банк акча которууну убактылуу токтотууну сунуш кылдыЖанарбек Акаев: Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Жээнбековдордун, Матраимовдордун өкмөтүн түздүАянтта Садыр Жапаровго каршы митинг өтүп жатат (видео)