Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:28

Жанарбек Акаев: Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Жээнбековдордун, Матраимовдордун өкмөтүн түздү


Жанарбек Акаев, Жогорку Кеештин депутаты
Жанарбек Акаев, Жогорку Кеештин депутаты

Жогорку Кеңештин депутаттарынын спикерди жана өкмөт башчыны шайлаган жыйыны мыйзамсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин «Азаттыкка» билдирди. Депутаттын айтымында жыйынга болгону 30 депутат катышкан жана алар кылмыштуу топтордун басымы менен чакыртылган.

«Булар Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп алышкан. Аны президент катары калтырабыз деген аракети бар. Ошол эле убакта булар Матраимовдор менен мамилеси жакын деп бүгүн маалымат алып атабыз. Ошондо «Мекеним Кыргызстандын», «Биримдиктин» өкмөтүн өздөрү шайлашты».

Депутат Акаевдин айтымында бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны болот, кворум бар. Анда спикерге жана «элдин ишениминдеги таза, жаштардан куралган жаңы өкмөт» сунушталат.

6-октябрда кечке жуук Бишкектеги «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун катышуусундагы жыйын жаңы төрага кылып Мыктыбек Абдылдаевди дайындап, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду дайындоо сунушун бекиткен. Дастанбек Жумабековдун төрагалык, Кубатбек Бороновдун премьер-министрликтен кетүү тууралуу арызы каралганы, жыйынга 64 депутат катышканы кабарланган.

Парламенттик жаңы шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын лидерлери координациялык кеңеш түзгөн.

XS
SM
MD
LG