Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Активист Тагаев кримтөбөл Камчы Көлбаевди камоону талап кылды (видео)


Бишкек, 5-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек, 5-октябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болушуна каршы митинг өтүп жатат. Ага «Реформа», «Ата Мекен», «Бир Бол» партиялары баштаган бир нече саясий тараптардын өкүлдөрү катышууда. Митингде сөз сүйлөгөн активист Марат Тагаев Садыр Жапаровго кайрылып, бийликке кылмыш дүйнөсүнүн, бийликчил партиялардын депутаттарынын жардамы менен эмес, элдин көмөгү менен барышын талап кылды.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровду азыркы тапта Токмокто Камчы Көлбаевдин адамдары жүргөнүн мисал келтирип:

«Көлбаевди камоону талап кылам. Бул талапты УКМКга чоң болууну көздөгөн Өмүрбек Суваналиевге да узатам. Бүгүн түндөн калбай Көлбаевди жана анын адамдарын камаш керек», - деди.

Буга чейин "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова өлкөдөгү жалгыз легитимдүү бийлик катары УКМКнын убактылуу жетекчиси Өмүрбек Суваналиевди гана тааный турганын айткан.

Өмүрбек Суваналиев "Азаттык" радиосуна:

"Азыркы тапта милиция кызматкерлери өтө алсызданып калды. Ички иштер министри да жок. Өлкөдөгү коопсуздукту колго алууга аракет кылып жатабыз. Андан кийин, албетте, уюшкан кылмыштуулукка да багыт бурулат. Менин кызматым болгону Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары. Мыйзам чегинде аракет кылабыз", - деди.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулду. «Достук» мейманканасында чогулган бир нече депутат катышкан жыйынга VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган. (BCh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG