Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарындагы өкүлү Бакыт Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, саат 10:00гө карата Нарын шаары боюнча шайлоочулардын 5%, Нарын району боюнча 8% шайлоочу добуш берүүгө үлгүргөн. Ал эми облус боюнча 10% жакын шайлоочу катышты. Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 4-октябрда мыйзам бузуу фактысы катталган жок. Нарын облусу боюнча 171 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны - 189 114 киши.
Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2 430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда. (MiK)